Жаш Жаран мектеби

10:00 - 18:00

Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү АКШнин Эл аралык Өнүктүрүү Агентствосунун (USAID) колдоосу менен Жаш жаран мектебине катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт. Мектеп 2023-жылдын 1-2-3 февралда, Бишкек шаарында өтөт.

Бул долбоор 18 жаштан 28 жашка чейинки жаштарды мамлекеттик башкаруу, адам укуктары, шайлоо процесси, саясий укуктар менен эркиндиктерди жүзөгө ашыруу, шайлоодо инклюзиянын баалуулугу, жаштардын арасында жарандык активдүүлүктү жогорулатуу жаатында маалыматтык-билим берүүгө багытталган.

Жаш Жаран мектеби - бул Кыргызстандын жаштары үчүн лидерлик сапаттарын ачуу үчүн, ошондой эле биздин коомдун алдында турган көптөгөн курч социалдык, саясий, гендердик жана экономикалык көйгөйлөрдү талкуулоо жана чечүү жолдорун издөө платформасы. Мектеп эң кызыктуу социалдык-гуманитардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт, андан аркы өнүгүүнүн келечегин ачат.

Уюштуруучулар мектеп учурунда катышуучуларды кеңсе (ручка, блокнот ж.б.) жана тамак-аш менен камсыздайт. Бишкектин сыртынан келген катышуучулар жатакана менен жол кирени өздөрү камсыздайт.

Мектепке катышуу үчүн 2023-жылдын 25-январынын 18.00 гө чейин анкетаны төмөнкү шилтеме менен толтуруу керек. 

Көңүл буруңуз: мектеп кыргыз тилинде өтөт.