!!!КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!!

10:00 - 18:00

АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун Өкүлчүлүгү (IFES) 2021-жылдын 5-майынан 10-майына чейин кыргыз тилинде өткөрүлө турган "Онлайн Демократия лагерине" катышуучуларды кабыл алууну жарыялайт.

Лагерге 15 жаштан 20 жашка чейинки кыздар жана балдар катышууга чакырылат?
Эгерде сиз:
• Коомдук жашоого активдүү катышып,
• Волонтерлук иш менен алектенип же ушул жаатта иш алып барууну каалап жатсаңыз,
• Саясатка жана шайлоо процесстерине кызыкдар болсоңуз,
• Креативдүү ой жүгүртүү жана лидерлик жөндөмдөрдү жогорулатуу, ошондой эле социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу көндүмдөрүн өркүндөтүүнү кааласаңыз,
• Мультимедиа жана оратордук өнөр көндүмдөрүн алгыңыз келсе,
• Жаңы досторду жана өнөктөштөрдү тапкыңыз келсе,
АНДА АНКЕТАНЫ ТОЛТУРУП, ЖӨНӨТҮҢҮЗ! 

Катышуунун шарттары
Негизги талаптар:
1. Смартфондун/же компьютердин/же ноутбуктун болушу,
2. Туруктуу, үзгүлтүксүз интернеттин болушу,
3. Саат 10:00дөн 18:00гө чейин толук катышуу (2 сааттык түшкү тыныгуу)
Окуу кыргыз тилинде өтөт

Лагерь сизге төмөнкү нерселерди алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет:
• Өлкөнүн алдыңкы эксперттери менен адам укуктары, мамлекеттик башкаруу, шайлоо, гендердик теңчилик, коррупцияга каршы күрөш, мультимедиялык сабаттуулук жана долбоорлоо боюнча кызыктуу лекциялар жана презентациялар;
• Профессионалуу мультимедиа жана оратордук өнөр студияларында иштөө;
• Кызыктуу тапшырмалар, сынактар жана позитивдүү баарлашуу.
Анкеталар 2021-жылдын 1-май, саат 18.00гө чейин кабыл алынат.